❗Абактагы Актилек Капаров колун кескилегенин жазды

«Массалык башаламандык уюштурууга» шектелип кармалган иликтөөчү журналист Актилек Капаров абактан кат жазды. Ал беш айдан бери мыйзамсыз жана адилетсиз кармалып жатканын белгилеп, нааразылык ирээтинде колун кескилегенин жазган. Каттын бетинде кызыл тактар бар экенин ​​көрүүгө болот.

«Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан сабалышы, акын Аскат Жетигенге карата кыйноолорду колдонуу фактыларын эске алып, менин өмүрүмө жана коопсуздугума, физикалык жана психологиялык ден соолугума жеке президент Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Улан Ниязбеков баштаган күч түзүмдөрү, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана минкабдын башчысы Акылбек Жапаровдор жооптуу», — деген ал.

Катты чындап эле Капаров жазганын «Клоопко» жактоочу Самат Матцаков тастыктады. ЖАК бул боюнча комментарий бере элек.

Актилек Капаров мурда Темиров Live долбоорунда иштеп кеткен. Ал жыл башында долбоордун азыркы жана мурдагы 11 кызматкери менен бирге кармалган.