Аккула ат майданы кайрадан аукционго коюлду

Маалыматка ылайык, биринчи аукцион 16-май саат 10:00дө өтүшү керек болчу. Бирок арыздын жоктугуна байланыштуу аукцион өткөн эмес.

Алгачкы аукцион апрелдин башында жарыялаган. Бирок соцтүйүндө бул демилгени сынга алгандар чыгып, ал жерди паркка айлантууну сунушташкан.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарда батирге муктаж адам көп экенин айтып, көп кабаттуу үйлөр курулганы туура болорун билдирген. Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров болсо ипподромунун ордуна «Москва-Сити» сыяктуу борбор куруларын айткан.