13-18-майдагы Бишкектеги улут аралык тополоңго байланыштуу шектүү катары 21 кыргызстандык кармалганын Ички иштер министринин кеңешчиси Бакыт Сеитов «Азаттыкка» билдирди.
Анын айтымында, тополоңдун кесепетинен Пакистандын жана Бангладештин 75 жараны жабыркаган. Андан тышкары Египеттин төрт жаранына иш козголуп, кийин алар үй камагына чыккан.
13-майда Бишкекте бир нече кыргызстандык хостелдердин биринде жашаган чет өлкөлүк жарандар менен мушташып кеткен. Анын видеосу соцтүйүндөрдө тарап, бул 18-майда улуттар аралык тополоңго алып келген.
Анда белгисиз адамдар тобу чет элдиктер жашаган жатаканаларда тополоң салып, аларды сабап, баалуу буюмдарын алып кетишкен. Анын кесепетинен көп өтпөй жүздөгөн пакистандык жумушчу жана студенттер коопсуздугу үчүн өлкөдөн жапырт чыгып кете баштаган.