Elite House компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев үй камагына чыкты

Райондук сот 29-майда абактагы ишкердин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, кийин анын мөөнөтүн 4-июлга чейин узарткан.

Ал арада «Кактус Медиа» басылмасы күч түзүмдөрүндөгү маалымат булагына таянып Файзиев мамлекетке 3 миллион АКШ доллар төлөп берип абактан чыкканын жазды.

Файзиев өткөн жылдын октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин кармалган. Алгач ал «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси менен козголгон иш боюнча суракка чакыртылып, тергөөчүнүн чечими менен камакка алынганы айтылган.