❗«Калем сап менен чийгилеген». ЖАК Капаровдун абакта колун кескиледи деген маалыматка комментарий берди

Жаза аткаруу кызматы журналист Актилек Капаровдун колун кескилегени боюнча маалыматка комментарий берип, «Клоопко» ал абактан сот залына кетерде «калем сап менен колдорун чийгилегенин» билдирди.

«Айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 28-майда сот залына кирерде калем сап менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле, мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо шартына арыз доосу жок экенин ооз эки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана денесин медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартты. Ал боюнча мекеменин кызматкерлери тарабынан тиешелүү акт түзүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз кызматы 30-майда Акыйкатчы институту жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү бул боюнча айыпталуучу менен маектешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн белгиледи.

Ошондой эле Капаровго байланыштуу бул окуя мекеменин маалыматтык эсептөө журналына катталып, прокурордун көрсөтмөсү менен аймактар боюнча Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин кошумчалашты.