Акылбек Жапаров көп жылдан бери бүтпөй келаткан мектептердин 80 пайызы курулуп бүткөнүн билдирди

Минкабдын төрагасы бул тууралуу 30-майда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы 275 орундуу мектептин ачылыш аземинде айтты.

«Бул мектептин курулушу тогуз жыл мурда башталган эле. Эми мына курулуш иштери аяктап биздин балдар, кыздар жаңы окуу жайына кирип жатышат. Өлкө боюнча бул сыяктуу курулушу башталып бирок ортодо токтоп калган мектептердин 80 пайызы бүткөрүлдү», — деди ал.

Жапаров андан тышкары акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынган кошумчалады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров акыркы үч жылда 315 мектеп жана 69 бала бакча курулганын айтып, акыркы жылдары өлкөдө авариялык мектептердин көйгөйүн чечүү боюнча күжүрмөн иштер жүрүп жатканын белгилеген.

2022-жылдын апрелинде да президент бир жарым жылдан бир аз ашык убакытта өлкөдө 68 мектептин курулушу аяктаганын айткан. Бирок «Клооп» жана «Дата мектеп» бул имараттардын бир бөлүгү жаңы мектептер эмес эле пайдалануудагы мектептерге жанаша курулган кошумча корпустар экенин аныктаган.