Өлкөдө жылуулук жана ысык суунун тарифи дагы көтөрүлдү

Акыркы бир жылдан бери калк жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн 1248 сом төлөп келишкен. Жаңы чечимге ылайык, аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 Гкал үчүн 1 560 сомдон төлөйт. Ал эми батирдин аянты 80 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт.

Калк буга чейин ысык суунун 1 гигакалориясы үчүн 1120 сомдон төлөп келсе, жаңы чечим боюнча 1560 сомдон төлөйт. Калган категориядагы керектөөчүлөрдүн баары ысык суунун акысын өздүк наркы менен беришет.

Министрлер кабинетинин токтому үстүбүздөгү жылы 1-июндан тарта күчүнө кирет.