Өзгөндөгү 12 жаштагы баланын өлүмү: Эки шектүү кармалып, сурак берди

Ош облустук милициясы Өзгөндө 12 жаштагы өспүрүмдүн сарайда асынган абалда табылганы боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, эки шектүү сурак бергенин кабарлады.

Шектүүлөрдүн көрсөтмөсү күмөн жаратып, соттук психолого-психиатриялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле алар психикалык оорусуна байланыштуу облустук психитария борборунда каттоодо турары белгиленди.

Ал арада жергиликтүү басылмалар каза болгон өспүрүм окуя болгон күнү таенесинин үйүнө барганын жазып чыкты. Таенеси бала мойнуна жип байланып, отурган абалда табылганын айткан. Ал эми шектүүлөр баланын 21 жаштагы таякеси менен таежеңеси экени айтылууда.

Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы өспүрүмдүн асынган абалда табылганы тууралуу 25-майра белгилүү болгон. Анда милиция окуя каттоого алынып, экспертиза дайындалганын билдирген.