Грузияда «чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди – документке парламенттин спикери кол койду

«Чет элдик өкүл» жөнүндө мыйзам деп аталып, Грузияда чоң нааразылыктарды жараткан «Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндөгү» мыйзамга парламенттин спикери Шалва Папушвили кол коюп, күчүнө кирди.

Грузиянын парламенти 28-майдагы жыйынында президент Саломе Зурабишвили мыйзамга койгон ветодон өттү.

Мыйзам 2023-жылдын маалыматы боюнча кирешесинин 20%дан ашыгын чет өлкөдөн алгандар бир айдын ичинде «чет элдик бийликтин кызыкчылыгын ишке ашырган» уюм катары каттоодон өтүүгө милдеттүү. Негизинен Батыш фонддору менен иштеген онлайн медианын жана бейөкмөт уюмдардын басымдуу бөлүгү ушундай талаптарга жооп беришет. Эгер алар каттоодон өтпөсө, аларга айып пул салынат.

«Айкындуулук» мыйзамына каршы чыккандар аны Орусиянын чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамынын көчүрмөсү деп аташат. Алардын пикири боюнча, мыйзам Грузиядагы оппозицияга каршы кысымдын жана репрессиянын куралы болуп калышы мүмкүн.

Мыйзам долбоору өлкө боюнча миңдеген митингдерге алып келди. Ал Европа өлкөлөрүнүн бийликтери жана эл аралык укук коргоочу уюмдар тарабынан сынга алынган. Freedom House билдиргендей, «чет элдик өкүл» жөнүндөгү мыйзам Грузияны репрессиялык режимдерге жакындатат.