«Ким болсо да катышсын». Президент мамлекеттик долбоорлор тууралуу иликтөөгө жооп берди

Анын айтымында, ири курулуш иштерине ким болсо да келип катыша алат, бирок долбоор ыңгайлуу бааны сунуштагандарга берилет.

Жапаров «Аманат Строй Инвест» компаниясы Баткендеги 91 үйдүн ар бирин 3,3 миллион сомдон курганын, ал эми жеке компаниялар 5,8 миллион сомго курууну сунуштаганын белгиледи. Иликтөөгө ылайык, «Аманат Строй Инвесттин» ээси президенттин тууганынын жакын досу, 26 жаштагы Адилет Нурланбек уулу жана президенттин иш башкармалыгын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жердеши Давид Камбаров.

«Курулушка катышам деген каалоочу компаниялар болсо, келе берсин. Айрыкча ушул жалганчы сынчылардын тааныш компанияларын чакырат элем. Келип өздөрүн көрсөтүшсүн. Колдорунан иш келер бекен – көрөлү. Тили сайрагандай болуп, колдорунан бир нерсе келер бекен? Ай ким билет? Колдорунан эч нерсе келбейт. Мындайларды турмушта далай эле көрдүк го», — деди президент.

Иликтөөнү толук бул жерден окуңуз: https://bit.ly/3ywX5bY