Ош: 44 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип мурунку күйөө баласы кармалды

Бул тууралуу 3-июнда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тараптын ортосундагы жаңжал бала талашуудан келип чыккан. 30-майда Кара-Суу районунун аймагындагы 28 жаштагы кишинин үйүнѳ 45 жаштагы мурунку кайненеси, анын 44 жаштагы сиңдиси жана 24 жаштагы баласы бастырып кирип, анын балдарын талашып, урушуп кетишкен.

Денесинен жарат алган 24, 44 жана 45 жаштагы тургундар ооруканага кайрылып, 44 жаштагы аял денесинен алган жараатынан улам ооруканада каза болду.

Бул окуя боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 28 жаштагы тургун кармалды.

Учурда териштирүү иштери уланууда.