3-июнь саат 13:00 чамасында Ош шаарында Патрулдук милициянын кызматтык унаасы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу «Клоопко» аталган кызматтан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жолдо бараткан унаа капыстан күйүп кеткен. Ичиндеги адамдар унаадан чыгып кеткендиктен эч ким жараат алган эмес.
Кырсыктын чыгуу себеби тиешелүү экспертизада аныкталат.
Сүрөт: AKIpress