Жыл сайын жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкени тууралуу кабарлар коомчулукту дүрбөлөңгө салат. Таштанды челектен, ажатканадан же таала-түздөн, кээде кимдир бирөөнүн короосунан алдынан ымыркай табылды деп угабыз. Наристелердин кээси жашап кетет, айрымдары — чарчап калат. Мындай окуялар чындап эле көппү жана себеби эмнеде? «Клооптун» дата-журналисттери талдап чыгышты.

Махабат 2016-жылы Кубат аттуу жигит менен таанышып, экөө мамиле кура баштаган. Бирок кийин жаштар уруша кетип, эки жолго түшөт. Көп өтпөй Махабат боюнда бар экенин билет. Ал энеси жана бир туугандары менен Арча-Бешик конушунда барак тибиндеги үйдө турчу. Буга чейин биринчи жолдошу менен ажырашып кеткен, бир баласы бар болчу. Экинчи жолу эне болууга даяр эмес эле. 

Махабат коркуп, кош бойлуу экенин апасына айта алган эмес. Баланын атасы Кубат баланы жок кыл деп телефондон айтып, ошол бойдон байланышын үзгөн. Бирок Махабат боюнан алдыртууга батынган эмес.

Арадан айлар өтүп, 2017-жылы 31-июлунда ичи катуу ооруган Махабат сырттагы ажатканага кирип төрөп койгон. Айтымында, ымыркай бир үн чыгарбай эле ажатка үчүн казылган чуңкурга түшүп кеткен. Бала өлүү түшкөн окшойт деген ойдо калган аял, нес абалында төрөгөнү тууралуу эч кимге айта алган эмес. 

Бир канча убактан кийин ошол эле ажатканага кире калган кошунасы жердин баары кан экенин, баланын ыйы угулуп жатканын байкайт. Кошуналар ымыркайды аңдан чыгарып, тез жардам менен милиция чакыртышкан.

Ымыркай аман калып, энеси болсо качып кеткен.

Махабат бир жарым айдан кийин кармалган. Сотто күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып: болгон окуя үчүн өкүнөрүн айткан. Ал коркунучта калтыруу жана жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүүгө аракеттенүү беренелери менен күнөөлүү деп табылып, эки жылга соттолуп жана 5 миң сом айыпка жыгылган.

Адатта, эгер эне баласын кооптуу шартта калтырып, анын кесепетинен ымыркай чарчап кала турган болсо, ал «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү» деген берене менен соттолот. Бул берене кадимки адам өлтүрүүгө салыштырмалуу гумандуураак. Анда аял баласын психикалык саламатыгына доо кеткен абалдын шартында өлтүрүп алышы мүмкүн экени каралган.

Акыркы жылдары Кыргызстанда ушундай жагдайга кабылган аялдар менен ымыркайлардын саны миңден ашат. «Клооптун» дата-журналисттери буга эмне себеп болуп атканын билиш үчүн, сот өкүмдөрүн, маморгандардын маалыматтарын жана ЖМКда чыккан кабарларды изилдеп чыгышты.

Миңден ашуун таштанды бала

2010-жылдан бери Кыргызстанда миңден ашык ымыркай ата-энеси «баш тарткан же таштанды» балдардын сабына кирген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул тала-түздөн табылган же төрөт үйлөрүндө калтырылгандар. Бирок бул тирүү табылган гана ымыркайлар. Махабаттын баласы да ушул статистикага кирет.

Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиевдин айтымында, эгер баланы көчөгө таштап кетишсе, милиция кылмыш ишин козгоп, алты ай бою анын энесин издейт. Ал арада ымыркай Балдар үйүндө каралат.

«Баланын энеси, кайра оюнан кайтса деле же милиция аны таап келгенине карабастан, ата-энелик укуктан ажыратылат, бирок бала анын туугандарына өткөрүп берилиши мүмкүн», — дейт Тодогелдиев.

«Клооп» өлкөдөгү ЖМКга жарыяланган криминалдык кабарларын изилдеп, 2010-жылдан тартып ташталган ымыркайлардын маалыматтык базасын түздү. Жалпысынан коомчулук кабардар болгон 115 окуя каралды. Ымыркайлар коомдук ажатканалардан, таштанды челектеринен, талаалардан, үйлөрдүн жана көп кабаттуу батирлердин эшигинин алдынан табылган. Кээ бири аман калса, кээ бири чарчап калган.

«Балдардын укугун коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекова баласын таштап кеткен аялдар көбүнчө оор абалда болорун айтат. 

«Алар төрөттөн кийин стресс, депрессияда болот. Никеси жок төрөгөн аялдар болот. Алар үчүн шерменде болуу, ата-энесинин каарына калуу — бала төрөп, аны айткандан да жаман», — дейт Турдубекова.

«Никесиз төрөлгөн бала — шермендечилик»

ЮНИСЕФтин 2013-жылы Кыргызстанда жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, аялдар балдарын таштап кетүүгө аргасыз болгонунун башкы себеби — күйөөсүнүн же өнөктөшүнүн жоктугунда. Андай кылган энелердин көбү (72%ы) никеде болгон эмес. Баласын таштап кетет деген «кооптуу топко» дал ошол никеси жана үй-жайы жок аялдар кирет.

ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча адиси Елена Заиченко 2013-жылдан бери бул темада эч кандай изилдөөлөр жүрбөгөнүн, бирок ташталган балдардын жагдайына келгенде «энелерге үй-бүлөнүн колдоосу жетпей атканы шексиз» экенин айтат.

Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, өлкөдө ар бир төртүнчү бөбөк расмий никеден тыш төрөлөт. Ырас, алардын жарымы гана атасыз өсөт деп эсептейт комитет. Кыргызстанда бир жылда орто эсеп менен 16 миң ушундай жарым-жетим балдар төрөлөт. 

Социолог Нурзада Купуеванын айтымында, көп учурда өнөктөшү жок аялдар үй-бүлөсүнүн жана чөйрөсүнүн айыптоосунан корккондуктан,  кош бойлуу экенин жашырганды эп көрүшөт.

«Кыздар энеси менен айызы тууралуу сүйлөшпөгөн, анан кош бойлуу экенин айтмак беле. Болгону, энелер кыздарына “шерменде кылба мени, төрөп этегиң салып жетип келбе” деп айтышат. [...] Ал тургай аялдар “ушундан көрө өлүп тынсам” деген ойго барышы мүмкүн. Ушул уят дегендин өзү, ушул уят деген түшүнүк [адамды] кандай гана талкалайт», — дейт Купуева.

«Клооп» карап чыккан окуяларда, балдарын таштап кеткен кыз-келиндер күйөөсү жок болгондуктан же ата-энесинен коркконунан бул кадамга барганын айтып түшүндүрүшкөн. Сот жыйындарында, негизинен баланын атасы таштап кеткенин, ал эми жакын туугандары кош бойлуу экенин билбей турганын айтышат.

«Бага албайм»

«Клооп» карап чыккан учурлардын дээрлик жарымында ымыркайды батир же жер тамдардын короосунун алдына таштап кетишкен. Окуялардын биринде батирдин эшигин такылдатып туруп, ымыркайды таштап качышкан: эшиктин алдында «Бага албайм. 2022-жылдын 1-мартында төрөлгөн» деген кат калтырышкан.

«Репродуктивдик ден соолук боюнча альянстын» башчысы Галина Чиркинанын айтымында, мындай тагдырга кабылган энелердин барар жери болбойт — мамлекет алар үчүн эч нерсе кылбайт, аларга экономикалык, психологиялык жана социалдык көйгөйлөрүн чечкенге жардам бербейт.

Өлкөдө жакырчылыктын деңгээли жыл сайын өсүп жатат. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, 2018-2022-жылдары 22%дан 33%га чейин көбөйгөн. Ошол эле учурда, калктын 6%ы өтө кедей деп эсептелет — бул айына 3 миң сомго жетпеген акча менен жан баккандар. Бирок ошентсе да аялдардын экономикалык абалы кыйла начар — алар жумушка аз орношкон жана эркектерге караганда акчаны аз табат.

Өлкөдө баланы төрөп, чоңойтуп-өстүрүш үчүн көбүнчө аялдар гана иштен кетет же декреттик өргүү алат. Балдар ата-энеси ажырашып же өнөктөштөр эки жолго түшкөндө дагы көбүнчө аларды багып, кам көрө турган энеси менен калат. Ал эми аталар болсо алимент төлөбөй коюуну туура көрөт: алимент төлөбөгөн 10 кишинин тогузу — эркектер

«[Баладан баш тартканына] себеп катары материалдык кыйынчылыктарды, оор турмуш шартын, күйөөсүнүн жана үйү жоктугун айткан аялдардын арасында 26%ы жагымсыз социалдык чөйрөдө жашашкан, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышкан, селсаяктык кылып жүрүшкөн», — деп айтылат ЮНИСЕФтин изилдөөсүндө. 

Зордуктоодон кийин боюна бүтүп калган

Кыргызстанда канча аял зордуктоонун кесепетинен төрөгөнү тууралуу так статистика жок. Жылына өлкө боюнча расмий 200-300 зордуктоо учуру катталат. Бирок, Улуттук статкомдун 2019-жылы жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, жыныстык кылмыштар чындыгында расмий маалыматтарга караганда 55 эсе көп жасалат.  

2024-жылы АКШда зордуктоодон жабыркаган аялдардын орточо 12%ы ушул кылмыштын кесепетинин кош бойлуу болуп каларын аныкталган. Көп учурда аялдар зордуктоодон кийин нес абалда жүргөндүктөн кош бойлуу экенин кеч билип калышат.

«Зордуктоодон кийин боюна бүтүп калгандарга кош бойлуу экенин билиш үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынышы мүмкүн. Бул башынан кечирген кайгылуу окуяга карата реакциясына байланышкан факторлордон дагы көз каранды», — дейт Ирвайндагы Калифорния университетинин акушердик жана гинекологиялык кафедрасынын деценти, доктор Рэйчел Перри.

«Клооп» караган окуяларда жок эле дегенде эки кыз зордуктоонун кесепетинде боюнда болуп калганын айтып беришкен. Айтмакчы, милиция кыздардын бирине ишенбей, арызын кабыл албай койгон.

«Биздин коомдо аялдарга, кыздарга карата зомбулуктун деңгээли абдан чоң жана сексуалдык зомбулук күч экени жашыруун эмес. Көп учурда аял ал баланы кабыл ала албаганын себеби анык да, себеби ал бала — ошол аялды, анын денесин, кандайдыр бир мазактап кетүүнүн жыйынтыгы болуп атпайбы. Мунун психологиялык көйгөйү толтура. Муну менен да иштөө керек, бирок бизде, тилекке каршы, бүгүнкү күндө аялдарга жардам көрсөткөн жактан абал абдан начар болууда», — дейт «Репродуктивдик ден-соолук боюнча альянстын» башчысы Галина Чиркина.

Зордуктоо болгон учурда аялдар 72 саттын ичинде жергиликтүү ҮМБга кайрыла алышат. Саламаттык сактоо министрлигинен ал жактарда ыкчам контрацепциянын дары кутусу болорун, ал акысыз берилерин айтып ишендиришти.

Төрөтканада эле баладан баш тартса болот, бирок туугандарына баары бир айтылат

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева төрөгөндөн кийин ар бир аял баласынан баш тарта аларын айтат. Бирок энелерди бул оюнан кайтарууга көндүргөнгө аракет кылышарын жашырган жок. Эгер акырына чейин көнбөсө, оюна коюшат. Асылбашеванын айтымында, баладан баш тартканы сыр бойдон сакталат. 

Ал эми Бишкектеги Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун башчысы Чолпон Арыкпаева бул процедуранын баары бала өз үй-бүлөсүндө кала тургандай кылып түзүлгөнүн айтып берди.

«Жаш кызды каалабай турган баланы үйүнө алып кеткенге көндүрүүгө аракет кылышат. Эгер болбой эле баш тартса, баланы анын туугандарына бергенге аракет кылышат», — дейт Арыкпаева. Мыйзам боюнча, соцкызматкерлер балага энесинин каршылыгына карабастандан туугандарынын арасынан камкорчу тапканга милдеттүү. Башкача айтканда, баласынан баш тарткан аялдын үй-бүлөсү кызы төрөгөнүн да, баласынан баш тартканын да баары бир угат, билет.   

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Бакыт Тодогелдиевдин пикиринде, ар бир эне баланы бул жарыкчылыкка алып келгени үчүн дагы чүрпөсүн багып, чоңойтушу керек. «Баланын деле укугу бар да — туугандары ким экенин билүүгө укуктуу», — деп кошумчалады чиновник.

Бала жараткан экөө, күнөөлүүсү — аял

Өлкөдө айрым адамдар дагы деле баарына ташталган баланын энесин күнөөлөп көнүп алган. «Клооп» Инстаграмдагы 1,6 млн катталуучусу бар белгилүү пабликтердин бири болгон news.kg барагынын ташталган балдар тууралуу үч кабарынын алдына калтырылган 1,7 миңден ашуун комментарийди талдап чыкты.

Ар бир бешинчи комментатор аялды «ар кимге талтая берген» жана «көчөдөн боозуган да» деп айыпташкан. Кээ бир комментарийлер такыр эле зомбулукка чакырат. Андай комментаторлор мындай аялдарга «кечирим болбошу керек» деп эсептешет. Анда-мында эле кездешкен комментарийлерде бул маселеде эркектин да ролу бар экени белгиленген.

Галина Чиркинанын айтымында, комментаторлордун аялга карата кордукту ар кандай «зөөкүрдүк мүнөздөгү аракеттерге чакырыктар» менен коштоп атышканы абдан коркунучтуу тенденция. Ал бул сыяктуу комментарийлер аялга катуу таасир этерин, натыйжада ал баласын жок кылууга барарын айтат.

«Бул жагдайдын трагедиясы — байкуш аял тогуз ай бою стрессте, коркуп жүргөнүндө. Ошол стресс жана коркуу сезими жанындагы баласын көрүп ого бетер күчөгөнүн сезип жашоонун өзү чыдагыс түйшүк. Кайсыл бир терс жагдайдын кесепетинен, никесиз туулган бала ушул да деп. Мунун баары кийин ымыркайы менен турмушун курууну улантпай аны таштандыга ыргытып арылууну чечкен аялга абдан катуу таасир этет», — дейт Чиркина.

Чиркина аялга өзүнө келүүгө мүмкүнчүлүк бербей туруп, аны жазалоо, — мамлекет жана коом үчүн эң эле чыгымы аз жана ыңгайлуу позиция деп эсептейт. Бирок бул көйгөйдү чечпейт.

«Клооп» талдаган (150гө чукул) комментарийлердин аз гана бөлүгү ташталган балдардын көйгөйүн чечүүгө арналган. Кээ бири баланы мамлекет алышы керек десе, башкалары ооруканаларга бэби-боксторду орнотуу керектигин, дагы башкалары — мектептерде сексуалдык агартуу сабактарын киргизүү зарылдыгын айтышкан.

«Мына кыздарга бала чагынан бери кулагына куюп келген “эл эмне дейттин” түшүмүн көрүп жатабыз. Контрацепция жана дегеле мамиле тууралуу айтылбаган, сүйлөшүлбөгөн кептер. Ата-эненин алдында уят болуу коркунучу Жараткандын алдындагы коркунучтан да жогору турат», — деп айтылат комментарийлердин биринде.

Балдарын таштап кеткен аялдар эки берене боюнча жоопкерчиликке тартылат: «Коркунучта калтыруу» жана «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү». Экинчи берене боюнча 13 жылда 28 аял соттолгон.
Биз бул беренелер боюнча канча иш катталып атканын тактай алган жокпуз — Башкы прокуратура «Клооп Медиа» КФ жоюу боюнча Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине таянып, бул маалыматтарды берүүдөн баш тартты. «Клооптун» юристтери бул баш тартууну мыйзамсыз деп аташат.

Коом эмне кыла алат?

Кыргызстандыктарга жыныстык агартуучулук керектигин жана алардын репродуктивдик укуктары тууралуу билимин жогорулатуу зарылдыгын соцтүйүндөрдөгү комментаторлор эле эмес, «Клооп» маектешкен эксперттер дагы айтып жатышат.
 
Инстаграмда кыргыз тилинде жыныстык тарбия тууралуу баракты алып барган блогер Улук Батыргалиев жыныстык катнаш жана жыныстык саламаттык темалары ыңгайсыз жана орунсуз болсо да алар тууралуу айтып, сүйлөшүп туруу керек деп эсептейт.

«Сексуалдык агартууну көбү — жыныстык катнашка үйрөтүү деп ойлошот. Бирок ал андай эмес. Бул өзүңдү кандай коопсуз алып жүрүү керектиги жөнүндө маселе. Бул канткенде даяр боло алам деген маселе. Дегеле, жалпысы — өзүмдү жана өзүмдүн жеке чегимди кантип коргойм деген сөз», — деп түшүндүрдү ал.

«Биздин мектептерде балдарды өздөрүнүн репродуктивдик укуктарын коргогонго жакшы үйрөтүшпөйт. Денеңди корго дегенди айтышпайт, себеби кыздардын бир бөлүгү зордуктоодон улам кош бойлуу болуп калып атпайбы, — дейт “Балдардын укугун коргоо лигасынын” башчысы Турдубекова. — Ошондуктан биринчи — балдар-кыздарга өз денелери кол тийгис укукка ээ экенин үйрөтүү керек. Экинчиден — эркек балдар бирөөнү зордуктаганга укугу жоктугун, ал үчүн жазык жоопкерчилиги бар экенин түшүндүрүү кажет».