‼️Хакердик топ өкмөттүк сайтты бузуп кирип, жүз миңдеген кыргызстандыктын жеке маалыматтарын алганын айтты

Алардын айтымында, хакерлер муну 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттерге зордук-зомбулук көрсөткөн башаламандыкка каршы «нааразычылык» катары жасашкан.

Хакерлердин айтымында, алар gov.kg сайтынын субдоменин бузуп, Жогорку соттун маалыматтарын алышкан. Ал эми «Азаттыкка» бул маалыматты сот четке какты.

«"Азаттыктын" изилдөөсү хакерлер жарыялаган базада эски маалыматтар камтылганын, ошентсе да көп адамдын аты-жөнү, дареги жана жеке идентификациялык номурлары дале актуалдуу экенин көрсөттү. Тизмеде жөнөкөй жарандардан тарта, Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтагы адамдардын, саясатчылардын жана киберкоопсуздукка жооптуу жетекчилердин да жеке маалыматтары бар. Алардын бир бөлүгү дале тизмеде көрсөтүлгөн даректерде жашаса, бир бөлүгү базадагы даректерден көчүп кетишкенин айтышты», — деп жазды «Азаттык».

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун санариптик экспертизага адистешкен журналисти Рийн Алястын айтымында, 630 миңден ашык саптан турган хакерлердин жарыяланган тизмесинде кеминде 523 миң 594 уникалдуу ИНН бар. Ошол эле учурда тизмеде ИННи жок адамдар жана компаниялар да кездешет.