Ош: «Байкөл» мончосунда өрт чыгып, жети адам жабыркады

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-июнда 14:06 чамасында Ош шаарынын Көкүмбий көчөсундө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн.  

Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин жергиликтүү бөлүмдөрү тартылып, өрт ыкчам өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.