❗️Парламент Башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды

Асаналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, «Башкы прокуратура азыр анын алдында турган милдеттерди аткарууга жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ» деди. Ошол эле учурда анын пикиринде, көзөмөл органына тергөө ыйгарым укуктары керек.

Белгилүү болгондой, 46 жаштагы Асаналиев УКМКда эмгек жолун 2001-жылы тергөөчү катары баштап, 2010-жылга чейин өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү болгон. Андан кийин Башкы прокуратурага өтүп, ал жерде дагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген.

2015-2018-жылдары Башкы прокуратуранын Ички иликтөө башкармалыгын жетектеп, кийин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болгон. 2022-жылдын май айынан бери Ош облусунун прокурору болуп иштеп келген.