Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстан менен Малайзиянын беттеши тең чыгуу менен аяктады

Эсепти ачкан топту оюндун 24-мүнөтүндө чабуулчу Гүлжигит Алыкулов киргизди. Ал эми 38-мүнөттө бурчтан Кыргызстандын дарбазасына урулган соккуну Валерий Китчин башы менен тосом деп өз дарбазасына киргизип алды.

Бул беттеш Кыргызстандын D тайпасында алдыңкы орунга чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйындатты. Тайпада биринчи жана экинчи болгон эки тайпа Дүйнө чемпионатына тандоонун кийинки баскычына өтүп, 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алат.

Азыр Кыргызстан 10 упай менен өз тайпасында экинчи орунда келе жатат. Ал эми Малайзия жети упай менен үчүнчүдө.

Жыйынтыктоочу беттеш 11-июнда өтөт. Анда Кыргызстан биринчиде келе жаткан Оман менен беттешет. Ал эми Малайзия Кытайдын Тайбэйи менен ойнойт.