Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: Сурабалдиева милицияга тренингдерди өткөрүүнү сунуштады

«[Милиционерлер жабыркаган аялдарга] балдарыңарды алып чыгып кетпейсиңерби дешет экен. Же чыга турган жерлери жок. Ошондуктан парламентке өзгөртүүлөр сунушталып жатат, анда үйдөн зөөкүрдүн чыгып кетиши керектиги каралган. [Жабыркагандар] кайда барат? Же мамлекет кризистик борборлорду ачып бербейт, болгону Бишкекте бирөө жана Ошто бирөө бар дешет. Калгандарыбыз, аймактагылар, кайда бармак элек деп жатышат аялдар. Ошондуктан укук коргоо органдарына кайрылат элем, [жабыркагандарга] тыкыр көңүл буруп, шылдыңдабагыла. [...] Органдардын жетекчилеринен суранат элем, аймактарда милиция кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулук темасында тренингдерди өтүп бергиле», — деп кайрылды ал.