«Тарыхый окуя». Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну илгерилетүү макулдашуусуна кол коюлду

«Келишимге кол коюу үч өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун негизги принциптерин жана механизмдерин, анын ичинде темир жолду каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү белгилейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Макулдашууга кол коюунун алдында Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери видеокайрылуу жасашты. КР президенти Садыр Жапаров бул иш-чараны «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун көптөн күткөн башталышынын тарыхый окуясы» деп атап, «темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, Европа өлкөлөрүнө жана Перс булуңуна жаңы транспорт жолдорун ачат» деп белгиледи.

Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп, Европага чыга турган темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына дээрлик 20 жылдан ашты. Майдын башында Жапаров темир жолдун курулушу 2024-жылдын октябрында башталарын билдирген.