Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус өткөрүп берүүнү пландап жатат

Бишкек мэриясынан троллейбустарды өткөрүп берүүгө Ош шаардык мэриясынын 18-мартта президенттин администрациясына жазган кайрылуусу негиз болгонун айтышты. Анда учурда Ош шаары чоң миграциялык агымга кабылганы, андыктан шаар бийлигинде көбөйгөн жүргүнчү агымын чечүү маселеси тургандыгы белгиленген.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 100 троллейбус 2025-жылдын экинчи кварталында келери пландалып аткан 120 электробустун ордуна барат. Ведомстводон троллейбустарды өткөрүп берүү Бишкекте жүргүнчү ташуунун сапатын төмөндөтпөсүн, себеби троллейбустардын чоң бөлүгү электробустарга алмаштырыларын кошумчалашты.

Ошондой эле маалымкат-негиздемеде кээ бир троллейбустардын кызмат өтөө мөөнөтү 15 жылдан ашып кеткени, ошол эле учурда аларды колдонуунун орточо мөөнөтү 20 жылдан ашпашы керектиги айтылат.

Бишкек мэриясы троллейбустардын ордуна электробустарды алары майдын башында белгилүү болгон. Анда жергиликтүү активисттер бул ашыкча чыгымга алып келет деп, бул идеяга каршы чыгышкан. Ошондой эле алар кийин электробустардын аккумуляторлору жарактан чыкканда алардын курамында жегич компонеттер бар болгону үчүн сактоо жана утилизация кылууда чоң көйгөй жаратарын айтышкан.

Учурда «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» балансында 11 маршруттук багыт боюнча каттаган 144 троллейбусу бар.