УКМК: «Бишкек Нефть Компаниясынын» негиздөөчүсү кармалды

«Бишкек Нефть Компаниясы» май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип кармалды.

Атайын кызматтан шектүү Көлбаев менен ишкердик кылууда колдоо алуу максатында байланыш түзүп, анын кылмыштуу ишин бир нече жолу каржылаганын белгилешти.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Териштирүү иштери уланууда.