Ысык-Көл: Экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулду

Алар: «Дальний Кардон», «А. Чалжанов» конок үйү, «Смена», «Чолпон-Ата» эс алуу үйү, «Белек», Золотой пески», «Взморье Сити», «Асыл-Таш», «Ой-Керемет», «Золотой-Требас», «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору жана «Кооператор» эс алуу жайлары.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн тизмедеги кээ бир пансионаттар тазалоочу жайларды курууга киришти. Ошондой эле, мекемеден мыйзам бузуулар жоюлгандан кийин Ысык-Көл райондук администрациясы туристтик сезонго даярдыгын көрсөткөн паспорт берерин кошумчалашты.