«Дордой Моторс» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты

Чогулгандар кассалык-көзөмөл машинасын колдонууга каршы эмес экенин айтып, бирок эсеп фактурасы менен коштомо кагаз ашыкча бюрократия деп, сооданы басаңдатарын белгилешти. Алар бул үчүн атайын бухгалтер жалдап, ага айлык төлөп, кошумча чыгымга дуушар болобуз деп кошумчалашты.

Нааразы болгон эл менен базардын директору Эркин Салымбеков жолукту, ал соодагерлерге ишти улантууну же маселе чечилгиче токтотуп турууну сунуштады.

6-июнда президент Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугуп, кассалык-көзөмөл машинасы, эсеп фактурасы жана электрондук коштомо кагазды киргизүү маселелери талкууланган. Жыйында коштомо кагаз колдонбогондорго салынчу айып 2025-жылдын 1-январына чейин жылдырылганы белгилүү болгон.

Бул меселе өткөн жылы да көтөрүлүп, бир нече ири базардын соодагерлери митингге чыккан. Анда алар панент системасын калтырууну калап кылышкан.