Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетика боюнча Париж Олимпиадасына жолдомо утту

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, спортчу 1,5 чакырымды 6 мүнөт 18 секунд 25 милисекундда чуркап өткөн.

Мелдеш 6-июнда башталып, 8-июнда жыйынтыкталды. Ал эми кийинки лицензиялык мелдеш 10-15-июнда Франциянын Париж шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев катышат.