Бул тууралуу «Азаттык» аталган министрликтин басма сөз кызматына таянып жазды.
Кырсык 1-июнда Миң-Куш айылындагы «Туюк-Суу» уран калдыгын сактоочу жайда болгон.
«Туюк-Суудагы» уран калдыктарын «Дальнее» сактоо жайына ташуу иштери өткөн жылдын август айында башталган. Аны орусиялык «Росатом» ишканасы ишке ашырууда. Буга чейин Миң-Куштун айрым тургундары уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.
Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Жогорку Кеңеш уран казууга уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Сүрөт: «Азаттык»