Окуя 10-июнда болгон. Анда 56 жаштагы тургун саат 07:00 чамасында 50 жаштагы айылдашынын үйүнө келген. Экөө тең мас абалда болуп, мушташа кеткен. Тургун үйүнө келген айылдашын даракка байлап, денесине зыян келтирген. Анын кесепетинен 56 жаштагы тургун каза болуп калган.
Бул боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү иштери уланууда.