«Дордой Моторстогу» көпчүлүк соодагерлер салыктын жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөрүлдү

Ошондой эле мекеме ишкерлерге көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана товардык-транспорттук коштомо кагаз сыяктуу электрондук тейлөөнү колдонуу боюнча кеңири түшүндүрүү ишин жүргүзүүдө.

10-июнда «Дордой Моторс» базарындагы соодагерлер электрондук эсеп-фактурасы менен электрондук коштомо кагазды колдонууга каршы болуп митинге чыккан. Акцияга азык-түлүк жана жашылча саткан соодагерлер чыкканы айтылган.

Чогулгандар кассалык-көзөмөл машинасын колдонууга каршы эмес экенин айтып, бирок эсеп фактурасы менен коштомо кагаз ашыкча бюрократия деп, сооданы басаңдатарын белгилешкен. Алар бул үчүн атайын бухгалтер жалдап, ага айлык төлөп, кошумча чыгымга дуушар болорун кошумчалашкан.