Комитеттин курамына Дүйнөлүк банк, ОПЕК фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башкалар кирди. Минкабдан «комитеттин эшиги ачык жана каалоочулар кире алышарын» белгилешти.
Форумдун негизги темасы Кыргызстандагы эң маанилүү энергетикалык долбоорлордун бири Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси болду.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилери, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр жана жеке инвесторлор катышышты.
Форумда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров эл аралык уюмдарды жана инвесторлорду энергетика тармагында, өзгөчө Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда долбоорун биргелешип ишке ашырууга чакырды.
«Камбар-Ата-1 ГЭСи мөңгүлөрдүн башатында жайгашкан. Станциянын эффективдүү иштеши Токтогул суу сактагычына сууну топтоого, сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. ГЭСти куруу долбоору өлкө үчүн да, Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды жана перспективаларды камтыйт. Долбоор Кыргызстанды жана Борбордук Азияны эң арзан баада таза энергия менен камсыздайт», — деди Жапаров.
Камбар-Ата-1 ГЭСи Жалал-Абад облусундагы Нарын дарыясынын жогору жагына курулат. Ал Токтогул ГЭСине караганда электр энергиясын көбүрөөк иштеп чыгаруучу ири станция болууга тийиш.
ГЭСтин курулушунун алдын ала баасы 4 млрд доллардан ашык. Минкаб 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 млн доллар бөлөт. Ошондой эле Дүйнөлүк банк тарабынан дагы 500 миллион доллар 10 жылдык мөөнөт менен 50 жылга пайызсыз насыя түрүндө берилери күтүлүүдө.