Кыргызстанда алгачкы жолу жасалган боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады

10-июнда Саламаттык сактоо министрлиги 8-9 саатка созулган операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалганын билдирди. Ага министр Алымкадыр Бейшеналиев баштаганы кыргыз, түрк дарыгерлер катышты.

«Операциянын жыйынтыгы биз үчун канааттандырарлык болду. Донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады. Бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», — деди министр.

Бейшеналиев операция жана ага байланыштуу чыгымдар толугу менен Президенттик фонддон каржыланып, бардык муктаждар үчүн жеткиликтүү болот деп белгиледи. Анын эсеби боюнча, бир бейтап үчүн 25-50 миң доллар тегерегинде каражат сарпталат.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө 17 миң адам боор оорусу менен жабыркайт. Ал эми органдарды трансплантациялоо программасы үчүн Президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн. Өткөн жылы өлкөдө алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу опреациясы ийгиликтүү аяктаган. Бүгүнкү күндө 55 киши бөйрөгүнө операция жасатса, анын 15и бекер жасалган.