Ош базардын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты

Кечээ ушундай эле талап менен «Дордой Моторс» базарынын соодагерлери акция уюштурган. Кийин Салык кызматы аталган базардагы көпчүлүк соодагерлер 0,1 пайыздык чен менен салыктын жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөнүн кабарлаган.

6-июнда президент Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугуп, кассалык-көзөмөл машинасы, эсеп фактурасы жана электрондук коштомо кагазды киргизүү маселесин талкууланган. Анда коштомо кагаз колдонбогондорго салынчу айып 2025-жылдын 1-январына чейин жылдырылганы белгилүү болгон.

Бул меселе өткөн жылы да көтөрүлүп, бир нече ири базардын соодагерлери митингге чыккан. Анда алар патент системасын калтырууну калап кылышкан.