«Сүттүн бааснын төмөндөшү». УКМК эки адамды массалык башаламандыкка чакырууга шектеп кармады

11-июнда УКМК Ысык-Көлдө эки шектүү миңден ашык катталуучусу бар WhatsApp тайпасында жергиликтүү фермерлерди «массалык башаламандык уюштурууга үндөгөн» деп билдирди.

Маалыматка ылайык, алар жолдорду тосууга жана сүт ташыган унаалардын айдоочуларын барымтага алууга чакырган билдирүүлөрдү таратышкан.

«Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, шектүүлөр тараткан аудио-жазууларда массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасоонун белгиси аныкталган. Азыр иликтөө иши жүрүүдө», — дешти атайын кызматтан.

Өлкөдө соңку жылдары сүттүн баасы арзандап, ал бир нече жолу нааразылыктарга алып келген. Жакында эле Ысык-Көлдө тургундар да сүттүн баасынын төмөндөп кеткенине нааразы болуп жатканы кабарланган.

Облустук администрация Айыл чарба министрлигине таянып, бул сезондук көрүнүш экенин айтып, жакында сүттүн баасы турукташып, баары өз нугуна түшөрүн билдирди.