Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстан Оман менен тең чыгып, кийинки баскычка өттү

Эсепти ачкан топту оюндун 19-мүнөтүндө Элдияр Зарыпбеков киргизди. Ал эми беттештин 57-мүнөтүндө атаандаштын урулган соккусу Эржан Токотаевге тийип Кыргызстандын дарбазасына гол кирип, эсеп теңелди.

Оман менен тең чыгуу менен Кыргызстандын D тайпасында экинчи орунга ээ болуп, Дүйнө чемпионатына тандоонун үчүнчү баскычына жана 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канаданын 16 шаарында өтөт, ага 48 курама катышат. Бул мелдешке тандоо өткөн жылдын сентябрында башталган, 2026-жылдын мартында аяктайт. Ал эми чемпионатка Азия өлкөлөрүнөн сегиз тайпа жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат.