Аталар күнү болбойт, бирок ата-энелер күнүн белгилейбиз — парламент мыйзам долбоорун жактырды

26-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргызстанда ата-энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Депутаттар 15-мартты ата-энелер күнү катары белгилөөнү чечти. Бирок бул күн эс алуу күнү болбойт.

Мыйзам долбоорун 81 депутат бир добуштан колдоду.

Парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинин башчысы Венера Раимбачаеванын айтымында, мыйзам долбоору коомдун өнүгүшүндө ата менен эненин ролун жана кошкон салымын тааныйт. Ошондой эле ал үй-бүлөнү чыңдоого жана ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Ал эми май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Энелер күнү кадимкидей эле белгиленет.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.