Парламент комитети Улуттук банктын төрагалыгына Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер болуп жаткан Мелис Тургунбаев парламенттин комитет жыйынында иш тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

«Окууну аяктагандан кийин Финансы министрлигинде үч жарым жылдан ашык, KICB банкынын директорлор кеңешинде бир жыл эки ай иштегем», — деди ал.

Ошондой эле Турганбаевв операциялык иште, филиалдын же банктын төрагасы болуп иштебегенин, бирок банк системасындагы оош-кыйыштарды түшүнөрүн кошумчалады.

26-июнда президент Тургунбаевди экология министри кызматынан алган. Ал аталган кызматта 2023-жылдын март айынын аягынан бери иштеп келген.