Жогорку Кеңеш өлкөдө электрондук чылымга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

26-июнда парламент депутаттары өлкөгө электрондук тамеки ташып келгендерге, сатканарга жана аны колдонгондорго айып салган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ага ылайык, белгиленген жерден тышкары электрондук чылым жана вейп чеккендер 10 миң сом айыпка жыгылат. Бир нече депутат коррупциялык тобокелдиктер бар экенин айтып, айыптын өлчөмүн азайтууну сунушташты. Бирок сунушу колдоо тапкан жок.

Ошондой эле электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул каралган. Электрондук чылым ташып келгендерге 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салуу же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Долбоорду демилгелегендер мыйзамдын максаты жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугун жана бакубатчылыгын камсыздоо экенин айтышууда.