Бастрыкин Орусия бийлиги мигранттарды кармап алып, Украинага окоп казганга жөнөтүп жатканын билдирди

Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин алар Орусиянын паспортун алган жарандарды Украинага согушка жөнөтүп жатышканын билдирди. Ал муну мигранттардын санын кыскартуу боюнча «фишка» деп атады.

«Биз билесиңерби, мигранттар Орусиядан акырындап кете баштаганына алып келген фишканы таптык. [...] Биз андай аскердик каттоого тургусу келбеген, бирок жарандык алгандардын 30 миңден ашыгын кармадык. Алардын ичинен 10 миңдейи Атайын аскердик операция аймагына жөнөтүлдү», — деп билдирди Бастрыкин.

Анын айтымында, Орусиянын мыйзамдарына ылайык, жарандык алгандар аскердик каттоого турганга милдеттүү жана керек болсо согушка катышышы керек.

Ал Орусияга эмне үчүн андай мигранттар керек деген өзүнүн суроосуна күлүп, окоп казганга жана бекемдөө курулуштарын курганга жумушчу колдор керек деп жооп берди.

Ошондой эле ал 2024-жылы төрт айдын ичинде Москва, Москва облусуна жана Санкт-Петербургга дээрлик үч млн мигрант келгенин кошумчалады.

Бастрыкин буга чейин да Украинага согушка мигранттарды жөнөтүү жана миграциялык көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтып келген. Ошол эле кезде Борбор Азиянын бийликтери өз жарандарынын согушка катышуусу жалданмачылык беренеси боюнча кылмышка баруу катары бааланарын бир эмес, бир нече жолу айтып келишет.