Тийиштүү мыйзам долбооруна 27-июнда президент Садыр Жапаров кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 19-июнда дароо үч окуудан кабыл алган.

Бул мыйзамдын максаты — Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөтттөрүнүн ортосундагы Темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Мыйзам «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет. [...] Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат, — деп белгиледи президенттин басма сөз кызматы.

Буга чейин Кытай темир жолдун курулушуна 2 млрд 350 млн доллар өлчөмүндө насыя берери белгилүү болгон. Үч өлкө Кыргызстандын аймагында темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн Биргелешкен долбоордук компания (БДК) түзүшөт. Бул комнияда үлүштүн 51%ы «Кытай темир жолдору» алат, ал эми «Кыргыз темир жолу» жана «Өзбекстан темир жолдоруна» 24,5%дан үлүш тиет.

Президенттин айтымында, салынган каражаттар акталганда, эки тарап долбоордон чыгып, 100% Кыргызстанда калат.

Биздин телеграм-каналга катталыңыз:
https://t.me/kloopkyrgyz