Президент уран казууга тыюу салган мыйзамдын күчүн жоготкон мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 27-июнда 2019-жылы Кызыл-Омпол уран кенин казууга каршы наарызылыктардын шартында кабыл алынган «КР уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамынын күчүн жоготту деп тааныган мыйзамга кол койду.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин Минкаб сатуу үчүн сейрек кездешкен металлдар казып алынат деп ишендирген. Алсак, бийлик титаномагнетит сатууну көздөйт, металлдын басымдуу бөлүгү Кызыл-Омпол кенинде жайгашкан. Бул кенди бийлик өзү иштетүүнү көздөп жатат.

Президент буга чейин Кызыл-Омполдогу уран жана металлдардын баары казып алынгандан кийин жер «тазаланып» каларын билдирген. Ал Кызыл-Омполду «экинчи Кумтөр» деп атап, кенди иштетүү миңден ашык жумуш ордун түзөрүн, ал эми кирешенин 100%ы өлкөнүн бюджетине түшөрүн билдирген.