Жогорку Кеңештин депутаттары 27-июндагы жыйында 1918-1953-жылдары саясий жана диний көз караштары үчүн репрессиядан жабыркаган жарандарды реабилитациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда кабыл алышты.
Парламентарийлер документти РСФСРдин 1961-жылга чейин Кыргызстандын аймагында колдонулган 1922 жана 1326-жылдагы Жазык кодексинин айрым беренелери боюнча соттолгон жарандар реабилитацияланууга тийиш деген берене менен толуктоону сунуштап жатышат.
Саясий репрессиянын белгилери катары бийликтин «Кызыл террор жөнүндөгү» токтомунун негизинде кабыл алынган чечимдери, басмачылыкка каршы күрөшүү боюнча көрсөтмөлөрү, мамлекеттик кылмыштар жөнүндөгү жоболор, байлыкка, манаптыкка жана кулактарга каршы күрөш боюнча токтомдор саналаары белгиленген.
Мыйзамда реабилитация боюнча комиссия түзүү да каралган, анын чечими боюнча адам саясий репрессиянын курмандыгы деп таанылат. Анын курамына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, Мамлекеттик архивдин, Акыйкатчы институтунун, прокуратуранын, ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери кириши ыктымал.
Идеянын авторлору мыйзам долбоору сталиндик репрессиянын себептерин жана масштабын аныктоого, ошондой эле «тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө» мүмкүндүк берерин баса белгилешти.
Айрым маалыматтарга ылайык, бөтөнчө 1937-1938-жылдары күчөгөн репрессия учурунда Кыргызстанда 20 миңден 40 миңге чейин адам атууга кеткен.