«Падышадай жашап келген». ТИМ Пакистандагы элчинин кызматтан кетишинин себебин түшүндүрдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Президент Садыр Жапаров 27-июнда «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн» Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяевди кызматтан алды.

Тотуяевдин өзү буга макул эмес. Кызматтан кеткенден кийин ал «Азаттыкка» интервью берип, чечимди «бир тараптуу» деп атады. Тотуяев тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен анын орун басары Авазбек Атахановдун президентке жазган катынан кийин кызматтан алынганын билдирди.

«Тотуяев кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келген. Ошол эле учурда ал өзү үй-бүлөсү менен коопсуздук чаралары күчөтүлүп, бардык шарттары түзүлгөн, кароолчулар кайтарган резиденцияда «падышалык» шарттарда жашап келген. Элчиликке төрт унаа бөлүнсө, экөөсүн уятсыздык менен өзү жана жубайы үчүн пайдаланып келген. Ал эми калган кызматтык унааларды кызматкерлер кезектешип пайдаланууга аргасыз болгон», — деп билдиришти ТИМден.

«Тотуяев интервью берип жатканда этикага сыйбаган маалыматтарды айтып койгонун, анын иш-аракетине тиешелүү компетенттүү органдар дагы тартылуусу мүмкүн экенин» кошумчалашты мекемеден. Анткени ал купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого макул болуп, кол койгон.