Акылбек Жапаров сел кырсыгы көпүрөнүн долбоорчусунун айынан болгонун билдирди

30-июнда Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Ош облусуна барып, селден улам каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнөн кабар алды. Ал өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жапа чеккендерге зарыл жардамды көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Анын менен бирге Акылбек Жапаров ыкчам штабдын жыйынында Ош облусундагы жаратылыш кырсыгынын себебин атады.

«“Кызыл-Кыя” акционердик коому мурда көмүр казып, көпүрөнү бийиктетип койгон. Суу көпүрөнүн алдыларына топтолуп, андан улам сел күчөп, ылдый ташкындаган. Эгер көпүрөлөр анчалык бийиктетилбегенде, суу кууш жерде чогулбай, акырын ылдый ага бермек. Мунун айынан биз 10 адамдан айрылып отурабыз. Баарбыз бул кырсык деп атабыз, бирок анын алдын алса болот эле да. Айыл өкмөтү менен акимдер ӨКМдин документтерин окушу керек да. Көпүрөлөрдү бир эле киши долбоорлогон, таап келгиле мага аны», — деп билдирди Жапаров.

28-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы бир катар калктуу конуштарда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Жаратылыш кырсыгыган кеминде тогуз адам каза болгону, дагы бир баланы издөө уланып атканы белгилүү. Казакстандын ТИМи каза тапкандардын төртү жашы жете элек казак жарандары экенин билдирген. 

Мындан сырткары 30-июнунда Кара-Кулжада сел Deo Matiz унаасын алып кеткен, ичинде бир үй-бүлөдөн беш киши болгон. 36 жаштагы киши, анын аялы, 4 жана 12 жаштагы балдары каза тапкан, ал эми кызы аман калган. Төртөөнүн сөөгүн куткаруучулар табышкан.

Ошондой эле сел ондогон короо-жайды каптап, көпүрө, жол жана электр чубалгыларын алып кеткен. Райондо ӨК режими жарыяланган. 

Биздин телеграм-каналга катталыңыз:

https://t.me/kloopkyrgyz