Ноокатта селден каза тапкан 9 кишинин баары бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон

«Азаттык» Оштун Ноокат районунда селден каза тапкан тогуз кишинин баары бир үй-бүлө мүчөлөрү болгонун жазды. Бир үйдөн 10 адам эс алууга барган, алардын бири учурда изделүүдө.

Маалыматка ылайык, кырсыктан Ош облусунун Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылында жашаган 48 жаштагы аял, анын 19, 16, 11 жаштагы үч уулу, эки жаштагы небереси, кайын эжесинин 15 жаштагы кызы, Казакстанга турмушка чыккан кайын сиңдисинин эки баласы каза болду. Сел жүргөн күнү бул үй-бүлөдөн жалпы он киши Абшыр-Атага эс алууга барган.

«Борбаш айылында бир үй-бүлөдөн аял киши үч баласы, небереси менен каза болду. Андан сырткары беш бала эже-карындашынын балдары болгон. Ошондо жалпы он адам болуп жатат», — деди айыл башчысы Максатбек Элчибеков.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маркумдардын экөө казакстандык экенин, дагы бир жараны изделип жатканын билдирип, каза болгон жарандарынын сөөктөрүн алып кетүүгө даярдык көрүлүп жатканын кошумчалашты.

ӨКМ селге көнөктөп жааган жамгыр, Абшыр-Ата дарыясынын жээгиндеги бак-дарактар, эс алган жайлардын тапчандарынын башаламан курулулушу, көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн төмөн экени себеп болгонун билдиришти.