Президент медкызматкерлердин айлыгын көтөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Өлкө башчысы билдиргендей, быйыл 1-сентябрдан тартып медперсоналдын маяналары 50 %га чейин, орто медперсоналдыкы 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларынын маянасы 10%га чейин жогорулатылат.

Ошондой эле президент маяна жогорулагандан кийин медкызматкерлер канча айлык ала баштарынын бир нече мисалын келтирди:

Эгер мурда алыскы аймактарда иштеген жалпы хирург 20 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, компенсация алгандан кийин 50 205 сом ала баштайт;
35 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог-врач айлыгы көтөрүлүп, компенсация төлөнгөндөн кийин 73 222 сом алат;
32 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 709 сом алат;
Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиясынын суммасы 20 миң сомду түзөт.

Өз кезегинде министр Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда 10 миң адамга 17,5% медик туура келерин билдирди. Буга байланыштуу айлыктарды көтөрүү зарылыдыгы бышып жеткен.

Биздин телеграм-каналга катталыңыз: https://t.me/kloopkyrgyz