Сот Аскат Жетигенди бир берене боюнча актап, экинчиси боюнча үч жылга кести

Бишкектин Свердлов райондук соту акын Аскат Жетигенди «Бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренеси боюнча үч жылга эркинен ажыратты. Ал эми «массалык башаламандыкка чакыруу» беренеси боюнча актады.

Аскат жетиген сот өкүмү менен макул эмес экенин айтты. Ал чечимди негизсиз деп атап, «акыйкат үчүн күрөштү улантарын» баса белгиледи.

Жетиген 20-мартта камакка алынган. Кийин ал абакта кыйноого кабылганын айтып чыккан. Мамлекеттик айыптоочу акынды сегиз жылга кесүүнү сураган.

Акын 2021-жылдан бери бийликти сындаган видеолорду жарыялап келген. Айрыкча, кумар оюндарын мыйзамдаштыруу, желекти өзгөртүү, активисттердин камакка алынышы жана маданият тармагындагы реформаларга каршы пикирин билдирген.