Бишкекте «Акыркы троллейбус» акциясы өтөт

«БишкекСмог» шаардык демилгеси 3-июлда саат 17:00дө «Филармониянын» аялдамасында троллейбустарды сактап калуу үчүн тынч акция өтөрүн билдирди. Активисттердин маалыматы боюнча, 2023-жылга карата троллейбустар 20 млнго чукул жүргүнчүнү ташыган.

«Биз “Филармониянын” аялдамасында туруп, мындан ары эч качан келбей турган болуп аткан жакшы көргөн троллейбусубузду күтөбүз. [Биз муну] эң жашыл транспорттун дээрлик бир кылымдык тарыхына, легендарлуу “Бишкек Троллейбус Башкармалыгынын” бардык кызматкерлерине таазим этиш үчүн жана Бишкек мэриясынын чечимине макул эместигибизди билдириш үчүн кылабыз. [Мэриянын чечими] шаарга чоң кедергисин тийгизет», — деп билдиришти активисттер.

Майдын башында Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус өткөрүп берип, алардын ордун элекроавтобустар менен толтурууну чечкени маалым болгон. Жергиликтүү активисттер бул ашыкча чыгымдарга алып келет, электроавтобустардын аккумулятордук батареяларын экологияга зыян тийгизбей сактоо жана утилизациялоо көйгөйгө айланарын белгилеп, мэриянын чечимине каршы чыгышкан.

Бул маселе боюнча коомдук талкуу 6-июнда башталган жана 6-июлга чейин созулушу керек болчу. Буга карабастан шаар бийлиги айрым троллейбус линияларын демонтаж кылуу иштерин баштап койгон.

Биздин телеграм-каналга катталыңыз:

https://t.me/kloopkyrgyz