Бишкекте тез жардам кызматынын дарыгерине кол салуу болгону кабарланды. Милиция териштирүүдө

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы окуя 30-июнда болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, тез жардам кызматына баланын ичи ооруп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн. Жерине барган дарыгер аны көрүп чыгып, ооруканага жаткыруунун зарылдыга жок экенин айткан. Бирок баланын апасы каршы болуп, алгач дарыгерди кемсинтип, кийин кол салган.

Жерине экинчи тез жардам тобу барган. Дарыгер алган жаракатынан улам эсин жоготкон. Баш мээси чайкалып, денесиндеги көк-ала тактар менен ооруканага жаткырылган. Жабырлануучу кош бойлуу болгондуктан, боюнан түшүп калуу коркунучу жаралган.

Министрликтен дарыгер ага кол салган аялдын үстүнөн милицияга арыз бергенин белгилешти. Ленин райондук милиция окуяны териштирип жатат.