Кыргызстанда өлкө башчылыкка келген киши кудаларын майлуу-сүттүү кызмат орундарга отургузуп, алыс-жакын туугандарын «кадр жетишсиздигинен улам» мамлекеттик же саясий кызматка орноткон ылаң тээ туңгуч президент Аскар Акаевдин доорунда башталган. Анын катасын андан кийинки өлкө башчылар да, бүгүнкү бийлик да кайталап жатканына күбө болуп отурабыз.
Чындап келсе, Акаевдин да, Бакиевдин да президенттик тактыдан кулашына уул-кыздарынын саясатка, мамлекеттик башкарууга тигил же бул жол менен аралаша баштаганы себеп болбоду беле?
«Клооп» редакциясы өлкө башчылардын уул-кыздары атасы президент болгон тушта кандай мамлекеттик же саясий кызматка келип, кандай процесстерге аралашканын анализдеп чыкты. Анда эмесе тарыхка назар чаптыралы.
Аскар Акаев – 1991-2005-жылдар
Туңгуч президент Аскар Акаев Кыргызстан көз карандысыздык алып, эгемен мамлекет деп аталган 1991-жылы келип, 2005-жылга чейин былк этпей отурган. Жубайы Майрам Акаева экөөнүн Бермет, Саадат аттуу кыздары, Айдар, Илим аттуу эки уулу бар.
Акаев бийликте турган чакта кызы Бермет менен уулу Айдар саясатта карьера жасашкан.
Атасы тактыда турган тушта Айдар Акаев бизнестен баштап финансы министринин кеңешчиси, парламент депутаты болууга жетишкен. ЖМКнын маалыматына ылайык, Айдар Нурбек Турдукулов менен бирге «Бител» уюлдук байланыш компаниясын негиздөөнүн башында турган.
1998-жылы Айдар Акаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алияга үйлөнгөн. Калктын бир бөлүгү муну саясий «династиялардын тою» деп атап, эки өлкөнүн ортосунда саясатка балдардын кыйыр аралашуусу деп баалашкан. Бирок түгөйлөр көп узабай, 2001-жылы ажырашып кетишкен.
1999-жылы ал «Казкоммерцбанк» ААКтын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетектеген.
2001-жылы Айдар Акаев финансы министринин кеңешчилигине дайындалып, ошол эле учурда, биринчилерден болуп «Кумтөр» алтын кенин иштетүү укугун алган канадалык «Камеко» компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болгон.
2003-жылы «Бимоком» компаниясы (келечектеги «Мегаком») лицензиясынан ажырап, белгисиз кишилерге сатылган. Бирок ЖМКда компаниянын ээси Айдар Акаев деп айтылып жүргөн.
Тюлпань революциясынан кийин Айдар Акаев шашылыш түрдө «Бимокомду» сатуу аракетин көргөн. Аны Penwell Business Limited ишканасы сатып алган. Бирок бул компаниянын дагы багы ачылган эмес.
2005 - жылы парламенттик шайлоого катышып, Айдар Акаев Кеминдин №57 шайлоо округу боюнча жеңип чыгып, депутаттык мандат алган.
2004-жылы ал Улуттук Олимпиада комитетинин президенти болуп шайланган. Ошол эле жылы эжеси Бермет Акаева менен биргеликте бийликчил «Алга Кыргызстан» партиясынын курамына киришкен.
2020-жылдын 6-февралында Айдар Акаев мезгилсиз каза болгону белгилүү болгон.
«Алга Кыргызстан» партиянын негиздөчүсү Бермет Акаева экени айтылып келген. Ал 2005-жылдагы парламенттик шайлоого Бишкектин №1 Университет округунан катышып, жеңип чыккан.
Айдар менен Бермет Акаеванын депутаттыкка келгени көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, «тюлпан революциясына» алып келген себептердин бири болуп калган.
Революция болуп, Аскар Акаев бийликтен кулагандан кийин өзү жана бала-чакасы бардык мамлекеттик кызматтардан жана ыйгарым укуктардан ажыратылган.
Курманбек Бакиев — 2005-2010-жылдар
Өлкөнү 15 жыл башкарган Акаевдин катасы кийинки президент Курманбек Бакиевге сабак болбогондой.
2005-жылы төңкөрүштөн кийин бийликке келген Бакиев, 2010-жылы тактан кулаганга чейин анын үй-бүлө мүчөлөрү саясатка, өлкөнү башкарууга баш-оту менен аралашкан.
Жубайы Татьяна Бакиева экөө Марат жана Максим аттуу уулдарды тарбяилашкан. Ал эми Бакиевдин экинчи аялынан дагы бир уул, бир кызы бар.
Курманбек Бакиев такта турган кезде анын тун уулу – Марат Бакиев — Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
Кийин ал дагы 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча айыпталып, сыртынан 27 жылга эркинен ажыратуу өкүмү угузулган.
Бакиевдин балдарынын ичинен мамлекеттик иштерге активдүү аралашып, чуу жаратканы – Максим Бакиев. Ал «Мегаком иши» менен таанымал. Атасы президенттикке жаңыдан киришкенде эле Максим «Мегакомго» [азыркы МEGA (“Альфа Телеком” ЖАК)] кызыга баштайт.
2005-жылдын октябрында жогоруда сөз болгон Penwell Business Limited компаниясы 49% акциясын Forntek Enterprises Limited’ке өткөрүп берген. Юридикалык жактан Гонконгдо жайгашкан бул ишкана иш жүзүндө Максим Бакиевге таандык болгон. Кийинчерээк ал «Бимокомду» толугу менен өзүнө өткөрүп алган.
Анын айланасындагы дагы бир резонанстуу окуя 2008-жылдын октябрындагы жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда болгон.
Анда Борбордук Шайлоо комиссиясынын башчысы Клара Кабилова Максим Бакиев тарабынан кысым болгонун айтып, өлкөдөн чыгып кеткен. Анын айтымында, Максим БШКнын иштерине «такай аралашып», «басым көрсөтүп», Кабилованы «сөгүп, кемсинткен».
БШКнын жетекчисин коркутуп атагы чыккан Максим, 2009-жылы президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатканда атасынын шайлоо алдындагы штабын жетектеген. Курманбек Бакиев ал шайлоодо эң көп добуш алып, экинчи ирет Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.
Шайлоодон кийин Курманбек Бакиев жаңы мамлекеттик органды – Президенттик кеңешмени түзүүнү демилгелеген. Бул кеңешме эгер Бакиев президенттик милдеттерин аткара албай калса, кийинки өлкө башчысын ыйгарым укуктарын аткара турган адамды тандамак.
Бул демилге оппозиция менен интернет колдонуучулардын кыжырын келтирип, «Курманбек Бакиев бийликти уулуна өткөрүп берүү аракетин көрүп жатат» деген божомолдор айтыла башталган.
2009-жылдын 29-октябрында Максим Инвестиция жана инновацияларды өнүктүрүү борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) директору болгон.
Ошол эле учурда Максим Кыргызстанды өнүктүрүү мамлекеттик фондун көзөмөлдөй баштаган. Ага эл аралык гранттар, кредиттер келип турган.
2010-жылдын май айында кичүү Бакиевди Интерпол издей баштаган. Максим Бакиев Улуу Британиядан саясий башпаанек сураган — ага өлкөнүн аймагында убактылуу турганга уруксат берилген. Эки жылдан кийин Лондондун полициясы АКШнын өтүнүчү менен Максим Бакиевди кармаган. Лондондун арбитраждык соту анын Кошмо Штаттардагы каржылык алдамчылык боюнча ишин караган.
Максим Бакиевге чыккан өкүмдөр
Максим Бакиев бир катар кылмыш иштери менен соттологон, буга байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 78-беренеси («Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо») колдонулуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ала козголгон иштер төмөнкүлөр:
- «Дастан» трансулуттук компаниясы ЖАКтын 50,5% акциясына мыйзамсыз ээлик кылуу;
- «Түндүкэлектр» ишканасын сатуу;
- «Азия универсал банк» аркылуу Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 млрд сомдон ашык акчаны менчиктеп алуу;
- «Кылмыштуу кирешени адалдаштыруу» жана «Акча опузалоо» иши;
- «Манас Банк» аркылуу арам жол менен табылган акчаларды адалдоо;
- «Кумтөр иши».
Роза Отунбаева — 2010-2011-жылдар
Роза Отунбаева Кыргызстандын, деги эле Борбордук Азия аймагынын тарыхында өлкө башчы болгон алгачкы аял. Анын президенттиги өлкөдөгү өткөөл мезгилге туш келген.
Отунбаеванын бир кызы жана бир уулу бар – Карачач жана Атай Садыбакасов. Алар апасы бийликте турган жылы саясатка жана мамлекеттик кызматка келишкен эмес. Атай коомдук активист жана ишкердик менен алектенет. ЖМКнын маалыматына ылайык, Карачач Лондондо жашайт.
Алмазбек Атамбаев — 2011-2017-жылдар
Алмазбек Атамбаев мөөнөтү аяктагандан кийин өз эрки менен бийликти тапшырып берген президент деп аталып калды.
Ал биринчи жубайы Буажар Теңизбаева менен Сеид жана Сейтек аттуу эки уулдуу, Динара жана Диана аттуу эки кыздуу болушкан. Ал эми экинчи аялы Раиса Минахмедовна Атамбаева экөөнүн ортосунда Кадыр аттуу уулу жана Алия аттуу кызы бар.
Атамбаевдин уулдарынын эң улуусу Сеид менен кенжеси Кадыр атасы президенттик постту тапшырып бергенден кийин гана саясатка аралаша башташкан. Ал эми калган балдары мамлекеттик кызматтарды эмес, бизнести, чыгармачылыкты тандашкан.
Сеид Атамбаев 2019-жылдын июнунан 2021-жылдын февралына чейин «Социал-Демократтар» партиясынын лидери болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №25 Аламүдүн шайлоо округунан шайланып келип, бүгүнкү күндө парламент депутаты.
Кадыр Атамбаев – 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган, «Социал-демократтар» партиясынын учурдагы лидери.
А бирок Атамбаевдин айдоочусу Икрамжан Илмиянов премьер-министрдин жардамчысы, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, кийинчерээк биринчи орун басары кызматына чейин жеткен. Режимдин «көмүска кардиналы» деп да ушул адамдын аты аталчу. Атамбаев бийликтен кеткен соң Илмияновго издөө жарыяланып, бир катар айыптар тагылган.
Сооронбай Жээнбеков — 2017-2020-жылдар
Сооронбай Жээнбеков аялы Айгүл Токоева менен кызы Бактыгүл жана уулу Иманды тарбиялап келишет. Кызын турмушка узаткан, ал атасынын тушунда саясий кызмат аркалаган эмес. Ал эми уулу Жээнбеков президент кезинде мектеп окуучусу болчу (2019-жыл, ред).
Балдары саясий айдыңга жолобогону менен, Жээнбеков бийлигинде бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун ролу чоң болгон. Жогорку Кеңештин төрагасы, депутат гана эмес кадр саясатын тескеген таасирдүү фигурага айланган.
Садыр Жапаров – 2021-жыл – бүгүнкү күнгө чейин
Садыр Жапаров өлкөнүн алтынчы президенти. Анын уулу Рустам Жапаров эч кандай саясий макамы болбосо деле же кайсы бир кызматта турбаса деле өлкөдөгү саясий жана мамлекеттик процесстерге аралашып жатканы айтылып келет.
Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен 4 перзенттин ата-энеси; Рустам, Дастан, Нурдөөлөт жана Жанайым. Алардын ичинен мамлекеттик процесстерге аралашып, активдүүлүк көрсөтүп келе жатканы – Рустам Жапаров.
2021-жылы парламенттик шайлоо өткөн. Анда Дастан Бекешев телеграм-каналында депутаттыкка талапкерлер шайлоонун алдында биригүү тууралуу сүйлөшүү үчүн жолугушууларды өткөрүп жатканын, ушундай эле жолугушууларды талапкерлерден тышкары президенттин уулу Рустам Жапаров дагы өткөрүп жатканын билдирип, аны сынга алган.
«[...] Мурдагы президенттер ушундай иштер менен алек болгону тууралуу мисалдар бар. Президент өзү эске алат деп ишенем. Бул өлкөгө дагы, анын үй-бүлөсүнө дагы аброй алып келбейт», — деген Бекешев.
Ага карабастан, 2022-жылдын 15-16-сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине Рустам Жапаров атасын коштоп барган. «Клооп» Рустам ал саммитке кандай негизде, ким катары барганын тактоо үчүн президенттин ошол кездеги маалымат катчысы Эрбол Султанбаевге кайрылган. Султанбаев комментарий берүүдөн баш тарткан болчу.
2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Баткен облусундагы бир катар айылдар, андагы тургундар жапа чеккен. Эвакуацияланган адамдарга гуманитардык жардам жеткиргендердин арасында президенттин уулу Рустам менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев да болгон.
«Рустам менен Тай-Мурас пиар кылгыдай, бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес, эптеп элге көрүнө калып, эртең депутат же президенттикти алалы дегидей. Жөн гана: “Силердин карапайым балдардан эмнеңер кем? Баргыла, алдыда жүргүлө. Аскерлердин кем-карчы болсо, так маалыматты бизге жеткирип тургула”, — деп биз өзүбүз жибердик. Барышты, колдорунан келген жардамдарын берип жүрүшөт», — деген президент «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде.
Садыр Жапаров Рустам ортомчу болуп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдарын аны менен жолугушууга алып келгенин айткан.
2023-жылы июнда соцтүйүндө түрк лидери Режеп Тайип Эрдогандын инаугурациясында кыргыз президентинин уулу Рустам Жапаровдун да жүргөнү талкуу жараткан. Президенттик администрациядан ал «түрк тараптын чакыруусу менен барганын» билдиришкен.
Иликтөөчү журналисттер Рустам Жапаров өлкөдөгү ири курулуш долбоорлорго аралашып жатканы тууралуу бир нече ирет жазышкан. Анын жакын достору Хабибула Абдукадырдын бизнес өнөктөштөрү болуп чыккан, дагы бир досу көптөгөн мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырган компанияга тең ээлик кылары аныкталган. Мисалы Ысык-Көлдөгү «Аврора Плюс», улуттук Ала-Арча паркындагы «Модуль Хаус» конок үйлөрү, темир жол шпалдарын өндүрүүчү «Евро Шпал» мамлекеттик ишканасы жана башкалар.
Президент «Рустам инвесторлорду тартып жатат» деп комментарий берген. Анын айтымында, уулу инвестиция салам дегендерди кабыл алат.
Кийин УТРК видео сюжет даярдап, анда Рустамдын «инвестиция тартышына» каршы бир да кишини таба албаганын айтышкан.