Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаев УКМКга суракка чакырылды

Сүрөт Жоомарт Карабаевдин Facebook барагынан алынды.

«Кылым шамы» укук коргоо уюму Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери жана активист Жоомарт Карабаев УКМКга суракка чакырылганын билдирди.

Азырынча активисттин эмнеге суракка чакырылганы белгисиз. Ал эми атайын кызматтан бул боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Карабаев фейсбук барагында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жасап келет. Ал академиянын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Ошондой эле мындай экспертизаны жасаган кызматкерлердин сертификаты жок экенин да кошумчалаган.