Ноокат: Абшыр-Ата сайында жаш баланын сөөгү табылды

1-июлда ӨКМден Оштун Ноокат районунун Абшыр-Ата айылындагы сайдан жаш баланын сөөгү табылганын билдиришти.

Учурда сөөктүн өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.

Ушуну менен селдин кесепетинен каза тапкандардын саны онго жетти.

Буга чейин Ноокатта селден каза тапкан 9 кишинин сөөгү табылган — алардын баары бир үй-бүлө мүчөлөрү экени маалым болгон.

ӨКМден селге көнөктөп жааган жамгыр, Абшыр-Ата дарыясынын жээгиндеги бак-дарактар, эс алган жайлардын тапчандарынын башаламан курулулушу, көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн төмөн экени себеп болгонун билдиришкен.