Жапаров Ысык-Көлдөгү аты жок чокуга БУУнун ысымын ыйгарды

Ысык-Көл облусундагы Тянь-Шань тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагындагы бийиктиги 5576 метр болгон аты жок тоо чокусуна «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу»  деген аталыш ыйгарылды. Бул тууралуу 2-июлда президенттин БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Садыр Жапаров Гуттеришке «БУУнун чокусу» деген ысым берилгендиги туурасында сертификатты тапшырды.

Президент сертификатты БУУнун планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ишмердигин эске алуу менен Кыргызстандын БУУ менен мамилелерин чыңдоо максатында, ошондой эле уюмдун кызматкерлеринин курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдөгү алдыңкы ролун белгилеп тапшырганы маалымдалды.